охот

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин алдындагы Аңчылык департаментинин башчысы Сулайман Бошкоев өз арызынын негизинде кызматынан кетти. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” өзү билдирди. Анын айтымында, бул кызматка Алмаз Мусаев дайындалды. Мусаев буга чейин департамент башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Жергиликтүү мергенчилер аталган департамент чет элдик мергенчилерге уруксат берүүнү бизнеске айлантып алды деп сындап келишет.

Булак: Азаттык