таксис3- таксис2- таксис1- таксис-

Бүгүн, 20-февралда Жалал-Абад шаарындагы такси айдоочуларынын патентин текшерүүгө шаардык жол кайгуул кызматынын, шаардык салык кызматынын кызматкерлери рейд жүргүзүштү.

Рейд учурунда айдоочулардын көпчүлүгүнүн патенти бар болгону аныкталды. Ал эми айрым патенти жок айдоочуларга эскертүүлөр берилди. Ар бир айдоочу патентке айына 300 сом өлчөмүндө акча төлөнөөрү салык кызматкерлери тарабынан айтылса, айрым айдоочулар 300 сом патентке төксөк, айрым күндөрү бир күндө үч жүз сом да иштей албай калабыз,-деп билдиришти.

Эгерде айдоочулар патент салыгын төлөшпөсө 2000 сом өлчөмүндө айып пул төлөшөт. Ай сайын 300 сомдон патентке банктарга же болбосо терминалдар коюлган ошол жерлерге төлөп койсо болот. Буга чейин да текшерүүлөр көп эле болуп келген. Мында үч күн текшерилерин билдирди шаардык салык кызматынын башкы инспектору Адамбай Маткеримов.

Мейманбү АКЖОЛОВА