жалалабад шаары

Бүгүн, 13-январь Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша боюнча долбоорун уктуруу болду.

Анда шаар мэри Салайдин Авазов шаардагы аймактык башкарууларда көйгөйлүү маселелердин быйылкы жылдын бюджетине киргизилип, “Чыңгыз Айтматов” аймактык башкаруусу боюнча 50%, “Тайгара” аймактык башкаруусу боюнча 77%, “Курманбек” аймактык башкаруусу боюнча 50%, “Спутник” аймактык башкаруусу боюнча 71% жана “Достук” аймактык башкаруусу боюнча 81% иштер аткарылаарын атты. Ошондой эле курулуш иштеринин аткарылышы боюнча быйылкы жылга 300%га көбөйттүк. Шаарыбыздагы борбордук көчөлөрдү, эс алуу жайларын, “Курманбек” стадионун, ошондой эле тазалык, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча аткарыла турган бир топ иш-чаралар бекитилгенин айтып жана алар иш жүзүнө ашканда кандай көрүнүштө болоорун көрсөттү.

2015-жылга Жалал-Абад шаардык бюджетинин киреше боюнча жана чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттик мекеме уюмдардын бюджеттик сметалык чыгымдарын тааныштарып, шаардык бюджеттин 2015-жылга киреше бөлүгү  362 млн 113 миң 200 сом деп болжолдонууда,-деп билдирди шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Азамат Раматиллаев.

Мейманбү АКЖОЛОВА