букмекер1

Көптөн бери көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып келген 5 млн. 679 миң доллардын Ош аэропортунан уурдалганы боюнча кылмыш иши 30-январда ачыкка чыкты. Шектелгендердин ичинен А.С.С. деген жарандын үйүнүн чатырынан 2 Калашников автоматы жана 1 Макаров тапанчасы табылды. Ал Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камалды. Анын айтуусу боюнча, бул куралдарды ага акча тоноону уюштурган адам таштаган. Ыкчам-иликтөө иштеринин аркасында Бишкек шаарынан 30-январь күнү алардын бир мүчөсү З.Р.М. кармалган. Андан сырткары, бул оор кылмыш ишин жасаган дагы үч адам кармалды. Аларды тинткенде 934805 доллар жана 3260 евро табылды. Азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Сымбат МАКСУТОВА