Башкор1

Башкортостан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы маданият жана илим күндөрүнүн программасы Кыргызстанда 3-марттан 6-мартка чейин Башкортостан Республикасынын маданият жана илим күндөрү өтөт. Расмий делегацияны Башкортостан Республикасынын Президенти Рустэм Хамитов жетектеп келери күтүлүүдө.

3-март, шейшемби 17.00 – Башкыр киносунун күндөрүнүн ачылышы (“Манас” кинотеатры) 18.00 – Башкортостан Республикасынын М.Карим атындагы улуттук жаштар театрынын “Радость в нашем доме” спектакли (Кара-Балта шаары, маданият үйү);

4-март, шаршемби 11.00-13.00 – Башкортостан Республикасынын илимпоздорунун Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен жолугушуусу;

14.00 – Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде башкыр сүрөтчүлөрүнүн заманбап графикасынын көргөзмөсү;

17.00 – Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын холлунда “Башкыр элинин материалдык байлыгы” жана “Башкортостан – Евразия бермети” аттуу сүрөт көргөзмөсү, ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын көргөзмөсү өтөт.

17.30 – Башкортостандын Кыргыз Республикасындагы маданият жана илим күндөрүнүн расмий ачылыш салтанатынын алкагында Башкортостан искусство чеберлеринин чоң концерти;

5-март, бейшемби 11.00-13.00 – Башкортостан Республикасы жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖ ректорлорунун жолугушуусу;

13.00 – Кант шаарынын маданият үйүндө Файзи Гаскаров атындагы Мамлеклеттик академиялык бий ансамблинин концерти;

15.00 – К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваторияда З.Измагилов атындагы Уфа мамлекеттик искусство академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн концерти;

17.00 – Токмок шаарынын маданият үйүндө Файзи Гаскаров атындагы Мамлеклеттик академиялык бий ансамблинин концерти;

18.00. – Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повести боюнча М.Карим атындагы жаштар театрынын спектакли;

6-март, жума 17.30. – Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында маданият күндөрүнүн жабылуу аземи. Башкортостан Республикасынын М.Карим атындагы улуттук жаштар театрынын “Радость в нашем доме” спектакли. Кирүү акысыз