865865_3

Кыргыз Республикасында 2014-жылдын 4-декабры 11 саат 25 мүнөттө жергиликтүү убакыт боюнча КР УИАнын  Сейсмология институтунун (КР УИА СИ) с/станциялары эпиборборунда 12 баллдык MSK-64 шкаласы боюнча 3,5 баллга жеткен, магнитудасы  (Mpv) 3,8 (энергетикалык классыK= 9,4) болгон  жер титирөө катталган.

КР УИАнын Сейсмология институтунун алдын ала маалыматтары боюнча жер титирөөнүн   очогу Казакстандын аймагында болуп, ал Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарынан 48 чакырым түндүк-чыгышта, Георгиевка айылынан 45 чакырым түндүк-батышта, Ананьево айылынан 59 чакырым түндүк-батышта, Түп айылынан 100 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.
Координаттары φ = 43 ° 06 ‘ с.ш.  λ = 77 ° 13’    в.д.

Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.

 Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген жок. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.