28-номер4

Мекенибизди коргоп, эл аралык террористтик уюмдардын куралчан топтору менен кармашта курман болгон баатырлардын ысымын түбөлүккө калтыруу, тарыхый мурасты сактоо, салттуулук жана аскердик-патриоттук тарбия максатында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин буйругу менен Коргоо министрлигинин кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде 26-октябрь 1999-2000-жылдары Баткен окуясында курман болгондордун урматына жоокерлерди эскерүү күнү болуп жарыяланды.

Буйруктун негизинде, 2014-жылдын 26-октябрында саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин борбордогу имаратынын жанындагы «Аскердик каармандык» монументинин алдында 1999-2000-жылдарда Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоодо аскердик милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлерди эскерүү митинг-реквиеми болуп өттү. Алардын элесин митингдин катышуучулары бир мүнөткө унчукпай туруу жана үч жолу залп атуу менен эскерди.

Митинг-реквиемге КР Өкмөтүнүн аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, коргоо министри, генерал-майор Абибилла Кудайбердиев, жоокер-баткенчилер, курман болгондордун ата-энелери жана жакындары катышышты. Ошондой эле И.Панфилов атындагы эс алуу багында армиянын Борбордук үйү тарабынан Баткен окуясынын 15 жылдыгына арналган концерт жана митингдин катышуучулары, меймандар үчүн жоокердик ботко берилди.