Депутат Т.Шайназаров: “Үй-бүлөнүн баалуулугу боюнча телеканалдарда тарбиялык маанидеги берүүлөр болбой жатат”

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Тынчтык Шайназаров Өкмөттүн, депутаттардын көңүлүн үй-бүлө ичиндеги кылмыш иштеринин көп кездеше баштагандыгына буруп, коңгуроо какты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. Айтымында, жалпыга маалымдоо…
Толугу менен »

Депутат Н.Мадалиев: “Аталыштарды бир түргө келтирип, кыргызчалоо тилибиздин өнүгүшүнө салым болот”

Мындай пикирин депутат Нуркамил Мадалиев бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында ортого салды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы. Жыйында депутат Беловодск кыргызча кадимкидей эле Ак-Суу экенине, Теплоключенко Жылуу-Суу экенине токтолду. Н.Мадалиев…
Толугу менен »

Кочкор районунун Ак-Жар айылынын мектебинин көйгөйү 4 жылдан бери көтөрүлүп жатат, бирок маселе дагы эле чечилбей келүүдө

Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Жар айылындагы мектептин көйгөйүн бул жолу бир катар депутаттар тарабынан көтөрүлдү. Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында эл өкүлдөрү бүгүнкү күндө Ак-Жардагы мектеп окуучулары 8 менчик үйдө окуп жатканын…
Толугу менен »

Депутат Ж.Исаев Баткендеги Максат-Кулунду жолун аягына чыгаруу зарылдыгын Өкмөткө багыттады

Максат-Кулунду жолунун маселесин депутат Жусупали Исаев бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында көтөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. Депутаттын айтымында, бул маселе 3 жылдан бери көтөрүлүп, аягына чыгарылбай келет. Кыргыз…
Толугу менен »

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге салынган үйдү бөлүштүрүүдө теңсиздик болгону айтылууда

Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Бөдөш Мамырова билдирди. Депутатка айрым мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мүмкүнчүлүгү чектелгендерге салынган үйдүн батирлерин бөлүштүрүүдө теңсиздик болгондугу тууралуу арыз менен кайрылышкан. Жарандардын арызын жерге калтырбай…
Толугу менен »

Ак-Суу районундагы жайлоодо кар көчкү түшүп Кыргызстанга эс алуу үчүн келген 30 жаштагы аял каза болду

   Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунда Жыргалаң айылынын Туз-Суу жайлоосунда кечээ, 25-февралда саат 12:45 чамасында кар көчкү жүрүп, анын кесепетинен Кыргызстанга эс алуу үчүн келген 30 жаштагы Куршакова Вера Валерьевна каза болду. Россия Федерациясынын Владимирский облусунун…
Толугу менен »

Ош облустук сотунда өтүп жаткан отурум учурунда айыпталуучу качып кетти

 Ош облустук сотунда кечээ, 25-февралда саат 16:45 чамасында өтүп жаткан сот отурумунда айыпталуучу качып кетти. ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы билдиргендей, кечээ Ош облустук сотунда 1974-жылы туулган К.Манап аттуу жарандын иши каралган.…
Толугу менен »

Маммүлк менчиктештирилип кеткен 12 кинотеатрды мамлекетке кайтарууну көздөөдө

 КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, 1993-2011-жылдар аралыгында менчиктештирилген 12 кинотеатрдын сатып алуучуларынын келишимдик милдеттерин аткарышпагандыгына байланыштуу алып-сатуу келишимин бузуу боюнча доо-арызы менен соттук органдарга кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда ведомствонун басма сөз…
Толугу менен »

Ат-Башы районундагы «Акбайрак» мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү борборунда кызматкерлер эмгек акы албай иштешет

 Мындай маалымат кечээ, 25-февралда Нарын шаарында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоо, аларга материалдык-моралдык жактан колдоо көрсөтүү багытындагы конвенцияны талкуулоодо аталган борбордун жетекчиси Шайгүл Өмүралиева билдирди,-деп кабарлайт аймактык кабарчы. Анын айтымында, «Акбайрак» балдар реабилитациялык борборунда 7 жаштан 18…
Толугу менен »

Салыкчылар борбордогу алты кинотеатрларда кирешелерди азайтууну аныкташты

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө, Бишкектеги текшерилген бардык алты кинотеатрларда салык салынуучу накта түшкөн акчанын азайтылышын аныкташты. Текшерүүгө “Космопарк”, “Россия”, “ Ала-Тоо”, “Манас”, “Октябрь” жана “Бишкек-Парк” кинотеатрлары, ошондой эле экономикалык ишмердиктерин кинотеатрлардын…
Толугу менен »

Кыргызстанда 2,3 млн адам биометриялык маалыматтарын тапшырышты

 Кечээ, 25-февралга карата Кыргызстандын 16 жаштан жогорку 2 млн 354 миң 365 жараны (62,3%) биометриялык маалыматтарын тапшырышты. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 24-февраль күнү жалпы республика боюнча 7 миң 420 адам биометриялык каттоодон өттү. Бишкектеги…
Толугу менен »

Ага Хан өнүктүрүү тармагы Нарын шаарына атайын карта тапшырды

  Нарын шаарынын аярлуу жана табигый коркунучтарынын тобокелчилигин баалоо боюнча долбоор өткөн жылдын аягы менен Ага Хан тармагынын (АХТ) айлана-чөйрөнү коргоо кору тарабынан иштелип чыккандыгын АХТнын Кыргызстандагы жетекчиси Кассим Шамш Лакха мырза 25-февраль күнү Нарын шаарында…
Толугу менен »