экстремизм1

“Кабар” агенттигинде ИИМдин 5-жана 10-башкы башкармалыктарынын жылды жыйынтыктаган отчету жана ушул жылга планы угулду.

5-башкы башкармалык тарабынан коррупциялык мүнөздөгү 618 кылмыш аныкталган. Анын 259уна кылмыш иши ачылган, 82 кылмыш ишине соттук чечимдер кабыл алынган, 90 киши эркинен ажыратылган, 11 адам шарттуу соттолгон, 35 адамга айып пул салынган. Коррупциялык схемалар боюнча демонтаж жүргүзүүдөн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 8 жетекчиси иштен бошотулган, Билим берүү жана илим министрлигинин лицензия жана аккредитация мамлекеттик инспекциясы жоюлган.

10-башкы башкармалык экстремисттик-террористтик уюмдун мүчөлөрүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп келишүүдө. Алар террористтик уюмдардын согуштук чыр-чатактар аймагына адамдарды жалдоо жана жөнөтүү менен алектенген 86 фактыны аныкташкан, 23 фактысына кылмыш иши козголгон. ИИМдин 10-башкармалыгы жана УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чарадан Сирия, Афганистан жана Пакистандын согуштук аймактарына катышууга кеткен кыргызстандык 188 жаран аныкталган. Анын 24ү аял, кайтып келгени – 5, кармалганы – 9, эл аралык издөөгө алынганы – 18, каза болгону – 21.

Ал эми экстремизм багытында жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында экстремизмди жайылтуу боюнча 283 факты аныкталган, анын 157 фактысына кылмыш иши козголгон. Диний-экстремисттик маалыматтарды таратуу боюнча 7730 нуска материалдар алынган. Республика боюнча диний-экстремисттик жана террористтик көз карашты колдогон 1703 адам каттоодо турат. Ал эми өлкөдө өткөн 488 митинг жана нааразылык акцияларга көзөмөл иштери жүргүзүлгөн. Республика боюнча 2618 мечит, 486 намазкана жана 70 медресе бар экендиги аныкталган. Анын 696 мечити каттоодон өткөн эмес. Ал эми 378 христиандык-протестанттык багыттагы диний уюмдар жана агымдар катталган.

Сымбат МАКСУТОВА