валентино1

Эмне үчүн элим азыр ээрчиме?

Ээрчигенден зак кеткенби мээсине?

(Н.Алымбеков)

 Байыркы Грециядагы император Клавдийдин тушунда императордун аскер адамдарына кулдарга үйлөнүүгө тыюу салган. Бул тыюуга карабай кулдарды өлүмгө даярдоочу мектебинин машыктыруучусу  Арли Плачидонун уулу катардагы дин кызматкери Валентино аристократтардын кыздарына кулдарды жашыруун сүйдүрүп, үйлөндүрүшү Теңири шаарынын консулуна билинип калып, Валентино баш болгон кулдар Рим императору Клавдий IIнин буйругу менен биздин эранын 269-жылдын 14-февралында өлүм жазасына тартылышат.

Ушул жазалоодон 227 жыл өткөндөн кийин 496-жылы Рим папасы Геласнус Валентинди өз ишеничи үчүн азап тарткан христиан катары баалап, 14-февралды ыйык Валентино күнү деп жарыялайт.

“Жугуштуу оору тез тарайт” дегендей ушул ой башка жактарга да таралып кетет. Бар болгон тарыхы ушул. Ушул тарыхта 14-февралды «Ыйык Валентино» күнү дей турган кандай маани бар? Валентино, бай аристократтардын кыздары аркылуу мүдөөсүн кандырып жүргөн арсыз адам. Кулдар менен аристократтардын кыздарына ортомчулук кылып (бизче жеңе кызматын аткарып), өз мезгилинин мыйзамын бузуп, бузукулук иштери менен өзүнүн кандайдыр бир кызыкчылыктарына жетип жүргөн катардагы дин адамы. Ушундай адамдын атынан 14-февраль күнүн атап, ээрчимеликтин азабын качанга чейин тартып жүрө беребиз? Ушул «Ыйык Валентино» деген күндүн азабынан айрыкча канчалаган кыздардын кыздык абийиринен айрылып өмүр бою арманда, кайгыда калып жаткандардын санын эсептеген жан барбы? Эмне үчүн кайсы бир заманда, кайсы бир жерде, кандайдыр бир христиан кулдардын жасаган жоруктары кыргыздар үчүн идеологияга айланууга тийиш? Бул күндү ыйык күн дей турган Президенттин указы, Жогорку Кеңештин мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому барбы? Жок. Анда, бул идеологияны таратуучулар кимдер? Баарынан мурун Кыргыз Телерадиокорпорациясы баш болгон башка телерадиоберүү, улуттун кызыкчылыгын шылдыңдап, үй-бүлө ынтымагын бузуп, жаштардын келечегине балта чаап, мамлекетибизди, улутубузду ичинен иритип алсыздандырууга өз салымын кошуп жаткан басма сөз каражаттары. Өткөн жылы Бишкек шаарындагы бир жогорку окуу жайынын тарбиялык иштер боюнча проректору 14-февралга карата студенттер арасында кандай көп иштердин жасалып жаткандыгы жөнүндө энтигип жатып интервью берди. Ушундай тарбиячы проректорлор көбүрөөк болсо шорубуз гана курубадыбы!

Урматтуу массалык  маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, элибизди кандайдыр бир христиан кулдардын артынан ээрчүүгө үгүттөбөй, мыйзамдарыбызды түшүндүрүүгө жана аларды аткаруу маданиятын көтөрүүгө аракет жасасаңар болбойбу?!

Кыргыздар үчүн:

Манас менен Каныкейдин,

Семетей менен Айчүрөктүн,

Курманбек менен Айганыштын,

Олжобай менен Кишимжандын,

Токтогул менен Алымкандын,

Жеңижок менен Көксулуунун,

Боогачы менен Үкөйдүн,

Болот менен Акмөөрдүн,

Раймалы менен Бегимайдын өздөрү жашаган мезгилдин трагедиялуу учурларына сынып калбастан сүйүүнүн улуу байрагын колдорунан түшүрбөй, анын назиктигин, улуулугун даңазалап өтүшкөн ак сүйүүлөрү азыркы маңкуртка айланып бара жаткан Кыргыздар үчүн үлгү боло албайбы?

Биз улуу элбиз, биз батыр элбиз деп көкүрөк какканыбызды коюп, тили бөлөк, дини бөлөк, үрп-адат, салт-санаасы бөлөк бирөөлөрдү туурама, ээрчиме адаттарыбыздан арылып, жан – дилибизди ээлеп алган маңкурттугубуздан кеч болуп кала электе арыла баштабайлыбы?!

Кыргыз телерадио корпорациясы баш болгон маалымат каражаттары көбүртүп, жабыртып 14-февралды «Сүйүү күнү» деп даңазалап, кыргыздардын, Кыргызстандын келечегине балта чаап, ыйманыбызды кыйратып жаткан жат идеологияны таңуулап, эркек – эркекке, аял – аялга үйлөнсө болот дегендерди колдоп жатышкан укук коргоогучтарга жардамчы болбоңуздар.

Бардык деңгээлдеги бийлик органдары, коомдук уюмдар билим берүү мекемелери, ата-энелер жаштардын «Ыйык Валентино» күнүн белгилөөгө тезинен тыюу салуулары зарыл. Бул күн «Ыйык күн» эмес «Бузукулук күнү». Ичибизди иритип, келечегибизге балта чаап жаткан күчтөрдү байкап, кеч болуп кала электе аларга бөгөт койолу.

 Токомбай  ТУРГУНБАЕВ,  Жалал-Абад шаары

P.S. Ушул тема боюнча ой-пикирлериңизди ортого салыңыз, окурман!