Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда былтыр жайында аялын токмоктоп өлтүрүп, дарыянын боюна таштап салган адамды Ысык-Көл облустук соту 20 жылга кести. Өлгөн келиндин туугандары сот өкүмүнө нааразы болуп Жогорку Сотко жана коомчулукка кайрылды.

Иллюстрация

Иллюстрация

 Эксперттер сот чечимин үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы мамлекеттик колдоо сезилбейт деп сыпатташууда.

Бүбүш Жексенбиева кызы Назгүлдөн былтыр август айында айрылган. Териштирүүнүн жыйынтыгы келиндин 37 жаштагы күйөөсүн күнөөлүү деп тапкан.

Бүбүш Жексенбиеванын айтымында, Ак-Суу райондук сотунун “өмүр бою эркинен ажыратылсын” деген чечимин Ысык-Көл облустук соту жеңилдетип, жазаны 20 жылдык абак менен алмаштырган.

Маркум келиндин күйүткө баткан апасы облустук сотко “акыйкаттыктан тайды” деп нааразы. Мындан улам ушул жумада Жогорку Сотко, Жогорку Кеңешке жана акыйкатчыга кайрыларын “Азаттыкка” айтып берди:

– Кызым жумуштан келсе, күйөөсү “сен эмнеге кеч кайтасың” деп башын дубалга сүздүрүп, эси ооп жыгылса сүлгү менен муунтуп, өлдүбү же өлбөдүбү деп жүрөк кагышын текшерген. Андан соң бензин менен иштеген арааны алып чыккан. Ал иштебей койгондо, бензин чачып өрттөп жибергенге аракет кылган. Кызым кыймылдап эсине келе баштаганда, башка балта менен чаап өлтүргөн. Анан ушинтип мыкаачылыкка барган адамга облустук соттун 20 жыл жаза бергенин акыйкатсыздык деп ойлойбуз. Буга чейин Ак – Суу райондук соту аны өмүр бою абакка отургузуу чечимин чыгарган. Бул жерде коррупция да болуп жатат. 24-февралда облустук соттун чечимин колубузга алган соң Жогорку Сотко кайрылабыз.

Бүбүш Жексенбиеванын колунда маркум Назгүлдүн эки кызы калган. Алардын улуусу он бир, кичүүсү үч жарым жашта. Апасынын атасы колдуу болуп өлүшү аларга кандай таасир бергени азырынча белгисиз.

– Кыздар менин жанымда. Алардын психикасын текшерткенге чама- чаркым деле жок. Улуу кызы 5-класста окуйт, эс кирип калды. Бизден укпаса да, көчөдөн угуп жаткандыр. “Атаң апаңды өлтүрүп салган” деп айткандар табылат дечи. 

Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсейитов айыпталып жаткан айыл тургунун кишиге зыяны жок жоош болчу деп мүнөздөдү.

– Мындай окуя биздин райондо эч качан болгон эмес да. Жакшынакай эле курулушта иштеген бала болчу. Аялы да бухгалтер-экономист болуп иштечү. Менин билишимче, чатак кызганыч айынан чыкса керек. Бул окуя катталгандан кийин биз райондук деңгээлде үй-бүлө баалуулуктарын сактоо боюнча жыйындарды өткөргөнбүз.

Кыргызстанда аялга кол көтөрүү көнүмүш адаттай кабыл алынат. Көпчүлүк кыз-келиндер үй-бүлөдө зомбулукка кабылган күндө да тиешелүү органдарга кайрыла албайт. Эксперт Айгүл Кызалакованынайтымында, милиция үй-бүлө чатагына киши өлүмү болгон учурда гана кийлигишет.

 Биз изилдөө жүргүзгөнбүз. Анда биз Кыргызстан боюнча миңден ашуун аялга “үй-бүлөдө сизге карата зомбулук болду беле?” деген суроо берсек, 85 пайызы “ооба” деп жооп берген. Биз ошондой эле Бишкек шаарынын төрт районундагы милиция бөлүмдөрүндө да изилдөө жүргүзгөнбүз. Анда биз милициядан “эгер силерге аял чалып, күйөөм уруп жатат. Өлүп калышым мүмкүн” деп кайрылса, эмне кыласыздар? Келип кабар аласыздарбы? деп суроо узатканыбыз. Алар бизге “Жок, андай чакырууга биз бара албайбыз, өлтүрүп койсо гана барабыз” деген жооп кайтарган. Демек, бул жерде мамлекеттин да колдоосу болбой жатат.

Деген менен учурда кызыл камчы эркектерге карата мыйзам иштелип жатат. Ага ылайык кол көтөргөн эркекке карата арыз түшсө, ал адамга “Коргоо ордери” берилет. Андан соң ошол эректин колу аялына дагы тие турган болсо үч жылга камалат. Бирок статистикада дээрлик көпчүлүк зомбулукка барган эркектер айып пул менен эле кутулуп кетүүдө. Анан арыздын айынан үй-бүлөдө чыгаша болду деп зомбулуктун экинчи катаал айлампасы башталат.

Сабыр Абдумомунов, Азаттык